ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ КР 2021-жылдын 15-январындагы N 5 Мыйзамы менен мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар такталды. Ага ылайык мамлекеттик чек ара участокторунда жана чек ара тилкесинде мамлекеттик чек ара режимин бузуу, ошондой эле чек арага танапташ аймактарда чек ара режимин жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуулар болгон учурларда жоопкерчилик каралат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө байланыштуу КР 2021-жылдын 15-январындагы N 6 Мыйзамы менен коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 22-январындагы N 5 жарыяланды. "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин колдоо үчүн юридикалык жана жеке жактардан түшүүчү ыктыярдуу акча каражаттарын топтоо жана максаттуу пайдалануу максатында КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-январдагы № 5 токтому менен Республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө жобо бекитилди. Жобого ылайык депозиттик эсепти түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынан, резиденттеринен жана резидент эместеринен ыктыярдуу которулган акча каражаттары; 2) өз ыктыяры менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндө укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептеринен которулган каражаттар; 3) ыктыярдуу негизде которулган жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамына жана депозиттик эсептин максаттарына каршы келбеген башка акча каражаттарынын түшүүлөрү. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында республикалык бюджетти колдоого түшүүчү акча каражаттарын эсепке алуу жана пайдалануу үчүн депозиттик эсеп ачуу тапшырылды.. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин карамагына өткөндүгүнө байланыштуу КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-сентябрындагы № 8 токтому менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жөнүндө жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди. Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик чек араны кайтаруучу, чек ара коопсуздугун камсыздоого катышуучу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара саясатын жүзөгө ашырууга жооптуу жана ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январдагы N 16 токтомуна ылайык Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобонун колдонулушу 2022-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 25-январындагы № 2021-П-07/3-1-(ДКП) токтомуна ылайык Улуттук банктын эсептик чени жылдык 5,00 пайыз өлчөмүндө белгиленди. Токтом 2021-жылдын 26-январынан тартып күчүнө кирет. "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо КҮЧҮНӨ КИРҮҮ КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы N 2020-П-14/75-1-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы N 2020-П-12/13-1-(БС) "COVID-19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому; "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы N 15 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы N 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому. "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо СУРОО ЖАНА ЖООП КР Эмгек кодексине ылайык, эгерде сыноо мезгилинде кызматкер ага сунуш кылынган иш туура келбейт деген тыянакка келсе, анда ал иш берүүчүгө 3 күн мурда жазуу жүзүндө бул жөнүндө эскертүү менен өз каалоосу боюнча эмгек келишимин бузууга укугу бар. * * * Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот. * * * Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот. * * * Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган. 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15 тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60 www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg |
Комментарии
Отправить комментарий