ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулду. 2021-жылдын март-майында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылат. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо Аталган Жарлык менен Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо (жеткирүү) тартибин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасына Өкмөтүнө тиешелүү механизмдерди иштеп чыгуу жана кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды жүргүзгөн туугандарына же адамдарга мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү боюнча алар чыгарыла турган өлкөнү эске алуу бир жолку төлөмдүн өлчөмүн аныктоо боюнча тапшырмалар берилди. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоодо жакын туугандарына көмөк көрсөтүү жана бир жолку төлөмдөрдү берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп КР Тышкы иштер министрлиги жана анын чет өлкөдөгү мекемелери аныкталды. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу тартибин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону колдонуу 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды. Токтом 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн жаңы үлгүдөгү бланктарын берүү мөөнөтүн аныктоо, ошондой эле аларды коргоо элементтерин өркүндөтүү максатында КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-февралындагы № 56 токтому менен Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө убактылуу күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшү бекитилди. Токтомго ылайык Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө убактылуу күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшү 2021-жылдын 1-апрелине чейин колдонулат, ал эми Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшү 2021-жылдын 1-апрелинен тартып колдонула тургандыгы белгиленди. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министри - экономика жана финансы министринин ортосунда милдеттер бөлүштүрүлдү, ошондой эле алар тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеси бекитилди. "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо Улуттук банктын эсептик чени жылдык 5,50 пайыз өлчөмүндө белгиленди. Токтом 2021-жылдын 24-февралынан тартып күчүнө кирет. "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо КҮЧҮНӨ КИРҮҮ КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы N 41 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы N 734 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому; "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы N 43 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы N 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому; "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 25-январындагы N 41-нпа "КР КЧ 30-02:2020 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү тууралуу" буйругу; "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-февралындагы N 37 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому; "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-февралындагы N 56 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы N 579 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому; "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-февралындагы N 49 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы N 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому; "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо КР 2021-жылдын 19-февралындагы N 20 "2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы; "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-февралындагы N 54 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы N 653 "Кыргыз Республикасынын жарандык бюджетин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому; "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы N 46 "Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому; "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо КР Экономика министрлигинин 2021-жылдын 2-февралындагы N 11 жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 2-февралындагы N 01-18/01 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону" бекитүү жөнүндө 2018-жылдын 15-майындагы N 63-А биргелешкен буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйругу. "Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо СУРОО ЖАНА ЖООП РЭСке Сиз эч кандай чара колдоно албайсыз. Анткени Электр энергиясын пайдалануу Эрежелерине ылайык Сиз жана электр менен жабдуучу уюмдун ортосунда Тиричиликке керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен жабдууга келишим түзүлгөн. Келишимде тараптардын милдеттери жана укуктары берилген. Ал милдеттерге ылайык электр менен жабдуучу уюм электр энергиясы менен камсыз кылып турат, ал эми электр энергиясын керектөөчү жабдып туруучу көрсөткөн эсепке (төлөм документине) ылайык пайдаланган электр энергиясына төлөм документинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч эмес төлөөгө милдеттүү. Электр менен жабдуучу уюм электр энергиясын керектөөчүгө жашаган дареги боюнча ай сайын төлөм документин (эсеп-билдирме) таратат. Электр энергиясын пайдалануу Эрежелерине ылайык электр энергиясы үчүн төлөм документинде керектелген электр энергиясы үчүн төлөө мөөнөтүн керектөөчү аткарбаган учурда электр энергиясын өчүрүүнүн күнү жана убагы көрсөтүлөт. Тиричиликке керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен жабдууга келишимге ылайык төлөм документинде, эгерде керектөөчү белгиленген мөөнөттөрдө электр энергиясына болгон акыны төлөбөсө 5 суткадан кийин электр энергиясы өчүрүлө тургандыгы жөнүндө билдирүү жазылат. Ошондой эле ушул эле келишимге ылайык электр менен жабдуучу уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектөөчүгө төлөмдү узарткан ар бир күн үчүн карыздын суммасынан 0,1% өлчөмүндө, бирок негизги карыздын суммасынан 100% ашпаган туум эсептөөгө укуктуу деп берилген. Эгерде жогоруда айтылгандар менен Сиз макул болбосоңуз, анда сотко кайрылууга укуктуусуз. * * * Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот. * * * Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот. * * * Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган. 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15 тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60 www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg |
Комментарии
Отправить комментарий