ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 1 сентября 2021 года N 35 (669)

Subscribe.ru
ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 1 сентября 2021 года N 35 (669)


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2021-жылдын 23-августундагы N 101 "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

Кол коюлган Мыйзам жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жана аларды анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо максатында, интернет-мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматтарды жайылтууга тыюу салууну, интернет-мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматтарды жайылтууга жол берген жактардын жоопкерчилигин, ошондой эле ушул Мыйзам боюнча укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктарын жана милдеттерин белгилейт.

Эгерде жаран ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген анык эмес (жалган) маалымат жайылтылды деп эсептеген учурда Интернет тармагындагы сайттын ээсине же Интернет тармагындагы сайттын баракчасынын ээсине, баракчадан же сайттан анык эмес (жалган) маалыматты токтоосуз алып салуу талабы менен кайрылууга укуктуу. Интернет тармагындагы жарыяланган анык эмес (жалган) маалымат жаран кайрылган учурдан тартып 24 сааттын ичинде алынып салынышы керек.

Эгерде маалыматтарды алып салуудан баш тартылган же анык эмес (жалган) маалыматтарды алып салуу убактысы бузулган учурда жаран Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте Интернет тармагындагы сайттын ээсинин же Интернет тармагындагы сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттанууга, анык эмес (жалган) маалыматтарды алып салууну жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токто турууну талап кылууга укуктуу.

Өзү жөнүндө анык эмес (жалган) маалыматтарды жарыялоого байланыштуу укуктары жана эркиндиктери бузулган жак, анык эмес (жалган) маалыматтардын жарыяланганына байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтурууну сот тартибинде талап кылууга укуктуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2021-жылдын 24-августундагы ПЖ N 348 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Президенттин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө жобо бекитилди.

Жарлык менен башкаруу чечимдерин кабыл алууну талап кылган улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун учурдагы маселелерин талкуулоо үчүн Коопсуздук кеңешинин айрым мүчөлөрүнүн катышуусу менен анын оперативдик жана жумушчу кеңешмелери өткөрүлүшүнүн мүмкүндүгү белгиленди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 16-августундагы N 135 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2021-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары запаска бошотулду.

Ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары жок, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган эркек жарандарды 2021-жылдын сентябрь-ноябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу иштери башталды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 20-августундагы N 89 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 16-августундагы N 137 "Долбоордук офис" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" ТОКТОМУ

"Долбоордук офис" мамлекеттик мекемеси түзүлдү жана Жобосу бекитилди.

"Долбоордук офис" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңештин ишин уюштурууну жүзөгө ашырган мекеме.

Долбоордук офисти уюштуруучу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 20-августундагы N 89 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 23-августундагы N 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы N 148 токтомуна ылайык Жер казынасын пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берүү тартиби бекитилди.

Бекитилген тартип жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга жер казынасын пайдалануу укугун берүү маселелерин жөнгө салат.

Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторуна жана аукциондук жер казынасынын участоктору жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга берилет. Аталга жер казынасынын участокторун берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат жана конкурс жана/же аукцион талап кылынбайт.

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө маселени демилгелөө үчүн негиз алардын кайрылуусу болуп саналат.

Кайрылуу "биринчи берилген өтүнмө" принциби боюнча каралат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2021-жылдын 1-сентябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 38 N "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы N 182 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы N 843 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 4-сентябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы N 122 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы N 489 "Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга коюлуучу минималдуу талаптар жана алардын ишин контролдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-августундагы N 134 "2021-жылдын 16-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин көрсөтүлгөн чөйрөдөгү мыйзамдарын айкалыштыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) принциптери жана ыкмалары жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн аскердик билет талап кылынабы?

Айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн аскердик билет талап кылынбайт. Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү Эрежелерине ылайык (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы N 819 токтому менен бекитилген) биринчи кезекте лицензиясы бар атайын окуу жайларына тапшырып окуу күбөлүгүн алуу керек.

Окутулганы жөнүндө күбөлүктү алган адамдар алты айдын ичинде айдоочулук күбөлүктү алуу боюнча квалификациялык сынактарды тапшыруу үчүн ыйгарым укуктуу органга келүүгө милдеттүү.

Квалификациялык сынактарды тапшыруу үчүн талапкер төмөнкүлөрдү берет:

- идентификациялык жеке номерин;

- белгиленген формадагы арызды;

- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);

- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону);

- медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүүдөн, психикалык саламаттыгын аныктоодон, көрүүсүн текшерүүдөн) өткөнүн ырастаган документ;

- айдоочулардын курамын даярдаган жана кайра даярдаган окуу уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүк;

- айдоочулардын курамын даярдоочу окуу уюмдары тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасы;

- айдоочулук күбөлүк (эгер мурда берилсе). Чет тилде түзүлгөн айдоочулук күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге которулган жана бир тилден экинчи тилге туура которулганы тууралуу нотариустун, же мындай нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу болгон башка кызмат адамынын күбөлөндүргөн кол тамгасы болушу керек;

- белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


 
     Прошлые выпуски
ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 23 августа 2021 года N 34 (668) ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 16 августа 2021 года N 33 (667) ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 9 августа 2021 года N 32 (666) Все выпуски рассылки
 
Если выпуск не отображается, вы можете прочесть его на сайте

Это сообщение было отправлено на morozfrostcold.zakon@blogger.com потому, что вы подписались на рассылку socio.state.toktomkg544323 на subscribe.ru.
Чтобы гарантировать получение писем от нас — добавьте наш адрес в адресную книгу.

Вы можете отказаться от получения писем.

Архив рассылки Поддержка подписчиков

Это сообщение сформировано и выслано с помощью Sendsay.Ru

Комментарии