ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 1 ноября 2021 года N 44 (678)

Subscribe.ru
ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 1 ноября 2021 года N 44 (678)


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруунун тартибин, алардын милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, ошондой эле алардын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин белгилейт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрадиянын жана жергиликтуү өз алдынча башкаруу органдарынын маселелерин жөнгө салуучу башка мыйзамдар аталган Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат. Чек аранын жанындагы, бийик тоолуу, алыскы аймактар жөнүндө мыйзамдарда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөө өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.

2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган, райондук кеңештерди түзүүгө жана ишине тиешелүү болгон жоболорду кошпогондо, Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2021-жылдын 22-октябрындагы ПЖ N 476 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

КР Президентинин жана КР Министрлер Кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү, ошондой эле аналитикалык маалыматтарды ыкчам даярдоо максатында, КР Президентинин 2021-жылдын 22-октябрындагы ПЖ № 476 Жарлыгына ылайык КР Президентинин Администрациясынын кырдаалдык борбору түзүлдү.

КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө жобо, түзүмү жана штаттык саны бекитилди.

КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө жобого ылайык КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору КР Президентинин жана КР Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуучу КР Президентинин Администрациясынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 22-октябрындагы N 228 "Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоону өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнү жана жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 228 токтому менен КР аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде калкты сурамжылоо жолу менен 2022-жылдын 25-мартына карата абал боюнча эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт. Ошондой эле, Реслубликанын алыскы аймактарында эл жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейинки мезгилде жүргүзүлмөкчү.

Төмөнкүлөр катталууга тийиш экеңдиги белгиленди:

КР бардык жарандары, КР аймагында туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоо учурунда убактылуу жок болгон КР жарандары;

КР аймагында жайгашкан бардык турак жайлар.

Расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 22-октябрындагы N 249-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы N 12-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ

КР аймагындагы билим беруү процесстерине Тажикстан Республикасынын жарандарына мүмкүндүк берүү максатында, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 249-т тескемесине ылайык КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б буйругуна өзгөртүү киргизилди.

Өзгөртүүгө ылайык, КР Билим берүү жана илим министрлигинин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына алдын ала берген сурамы боюнча КР билим берүү уюмдарында окуп жаткан окууга өткөн же окутуучу/мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстан Республикасынын жарандары КР аймагына кирүү мүмкүнчүлүгүн алышты.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН 2021-жылдын 25-октябрындагы N 2021-П-07/58-1-(ДКП) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 25-октябрындагы № 2021-П-07/58-1-(ДКП) токтому менен Улуттук банктын эсептик чени жылдык 7,50 пайыз өлчөмүндө белгиленди.

2021-жылдын 26-октябрынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР САЛАМАТТЫК САКТОО ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН 2021-жылдын 15-сентябрындагы N 1274 "2022-жылга өндүрүштүк календарды жана иш убактысынын ченемин бекитүү жөнүндө" БУЙРУГУ

Уюмдарга жана ишканаларга усулдук жардам көрсөтүү максатында, 2022-жылга өндүрүштүк календарды жана иш убактысынын ченеми бекитилди.

Сааттык тарифтик коюмду аныктоо үчүн жумушчу сааттардын орточо айлык саны бекитилди:

40 сааттык иш жумада - 164,8 саат;

36 сааттык иш жумада - 148,8 саат;

24 сааттык иш жумада - 99,2 саат.

Ошондой эле, 2022-жылы эки күндүк дем алыш күндөр менен беш күндүк иш жумасынын иш күндөрү 248 күндү түзөт, анын ичинде 11 майрам алдындагы күндөр жана жумуш эмес майрам күнү дем алыш күнгө туш келгенине байланыштуу 2 кошумча эс алуу күндөрдү - 3-январь, 2-май эске алганда, 105 дем алыш күн, ай календары боюнча аныкталуучу "Орозо" жана "Курман айт" майрамдарын эске албаганда, 12 майрам күн.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2021-жылдын 2-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы N 226 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 4-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 24-апрелиндеги N 57 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 6-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы N 222 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 7-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 6-майындагы N 61 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү үлүштүн башкага өтүшүнүн мыйзамдагы шарттары кандай?

"Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" КР Мыйзамына ылайык, жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу коомдун мүлкүндөгү, коомдун уставдык капиталындагы өзүнүн үлүшүнө ылайык келген үлүшүн аталган коомдун бир же бир нече катышуучусуна сатууга же башка жол менен берүүгө укуктуу.

Эгерде коомдун уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу уставдык капиталга өзүнүн салымын толук төккөнгө чейин анын үлүшүнүн салым төлөнгөн бөлүгү гана ээликтен ажыратылышы мүмкүн.

Уюштуруучуларга жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү өзүнүн үлүшүн (анын бир бөлүгүн) үчүнчү жакка ээликтен ажыратууга жол берилет.

Эгерде коомдун уставында, анын катышуучуларынын макулдашуусунда бул укукту жүзөгө ашыруунун башкача тартиби белгиленбесе, жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары коомдун мүлкүндөгү өзүнүн үлүштөрүнүн өлчөмүнө жараша катышуучунун үлүшүн (анын бир бөлүгүн) сатып алууда артыкчылык укугунан пайдаланышат.

Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары кабарлангандан кийин бир айдын ичинде, же коомдун уставында же анын катышуучуларынын макулдашуусунда каралган башка мөөнөттө өздөрүнүн артыкчылык укуктарынан пайдаланышпаса, катышуучу өзүнүн үлүшүн каалаган үчүнчү жакка берүүгө укуктуу.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


 
     Прошлые выпуски
ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 25 октября 2021 года N 43 (677) ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 18 октября 2021 года N 42 (676) ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 11 октября 2021 года N 41 (675) Все выпуски рассылки
 
Если выпуск не отображается, вы можете прочесть его на сайте

Это сообщение было отправлено на morozfrostcold.zakon@blogger.com потому, что вы подписались на рассылку socio.state.toktomkg544323 на subscribe.ru.
Чтобы гарантировать получение писем от нас — добавьте наш адрес в адресную книгу.

Вы можете отказаться от получения писем.

Архив рассылки Поддержка подписчиков

Это сообщение сформировано и выслано с помощью Sendsay.Ru

Комментарии