ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 30 апреля 2022 года N 16 (702)

Subscribe.ru
ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 30 апреля 2022 года N 16 (702)


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 27 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

Жогорудагы аталган Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жалпы укуктук жана экономикалык принциптерин белгилейт жана белгиленген максаттарга ылайык мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салат.

Мыйзамдын максаты сатып алуучу уюмдардын ишинин иштешин камсыз кылууга байланышкан мамилелерди жөнгө салуу аркылуу мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу болуп саналат.

КР мамлекеттик сатып алууларын ишке ашыруу төмөнкү принциптерге негизделет:

1) мамлекеттик сатып алуулардын бирдиктүү тутумун түзүү жана ага коомчулуктун ишенимин калыптандыруу аркылуу мамлекеттик сатып алуулар процессин оптималдаштыруу;

2) мамлекеттик сатып алуулардын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо;

3) мамлекеттик сатып алууларды, жүзөгө ашырууда ачыктык, калыстык, айкындуулук жана ачык-айрымдуулук;

4) инновациялык жана жогорку технологиялык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 34 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 21-апрелиндеги ПЖ N 123 "Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Адамдын креативдүү (чыгармачыл) жана интеллектуалдык потенциалын колдоо жана жогорулатуу, экономикадагы инновациялык процесстерди өнүктүрүү, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жумуш орундарын түзүү, экономиканы диверсификациялоо, экспорттук түшүүлөрдүн көлөмүн, эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана алдыңкы иштеп чыгуулар үчүн аянтча түзүү максатында, КР Президентинин 2022-жылдын 21-апрелиндеги ПЖ N 123 Жарлыгына ылайык креативдүү экономика КР мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири деп аныкталсын жана келечектеги экономиканын жаңы тармагы катары креативдүү индустриялар секторун илгерилетүүгө мүмкүндүк берген, КР социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон өлкөнүн экономикасынын инновациялык багытын өнүктүрүү үчүн негиз түзүү тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 22-апрелиндеги ПЖ N 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Жаш муундарды руханий тарбиялоодо жана кыргыз элинин биримдигин чыңдоодо "Манас" эпосунун үчилтигинин өчпөс маанисин эске алып, ири жана чакан эпостордун гуманисттик идеяларын кеңири пропагандалоо, ошондой эле элдик оозеки чыгармачылыкты жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарын коргоону, жайылтууну жана изилдөөнү камсыз кылуу максатында, КР Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги ПЖ N 126 Жарлыгына ылайык көчмөндөр цивилизациясынын өзгөчө кайталангыс салттарын сактап калган элдин - кыргыздардын материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, мындан ары изилдөө жана популярдаштыруу, КР элинин руханий кайра жаралуусуна жана мындан аркы маданий өнүгүүсүнө, ата-бабалардын калган мураска аяр мамиле кылууга жана муундардын уланмалуулугуна, улуттук өзгөчөлүктөрдү жана өзүн өзү таанууну, тарыхый каада-салттарды сактоого багытталган шарттарды түзүүнү камсыз кылуу КР мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын стратегиялык милдеттери деп аныкталды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ N 131 "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

КР Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ N 131 Жарлыгына ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салды, ошондой эле кезектеги курорттук сезонго суу түтүгү, канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыздалбаган санаторийлерге, пансионаттарга, эс алуу үйлөрүнө, коттедждик поселокторго, конок үйлөрүнө, мейманканаларга жана башка рекреация объекттерине иштөөгө даярдыгы жөнүндө паспорт берилмекчи.

2023-жылдын 1-июнуна чейин Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында тазалоочу курулмаларды курууну жана реконструкциялоону жана Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында таштандыны кайра иштетүүчү заводду курууну камсыз кылуу тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 8-апрелиндеги N 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР бажы кызматын модернизациялоо, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу жолу менен тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги N 202 токтомуна ылайык 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы жана 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 26-апрелиндеги N 39 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 8-апрелиндеги N 204 "Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартиби бекитилди.

Тартип интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматты жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун механизмин белгилейт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" ТОКТОМУ

2019-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын, анын ичинде мунай продуктуларынын жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарлардын жүгүртүлүшүн контролдоону күчөтүү максатында КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 220 токтомуна ылайык:

- Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзүү жана колдонуу тартиби;

- Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө жобо;

- Мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына карата техникалык талаптар бекитилди.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзүү жана колдонуу тартибине ылайык салык төлөөчү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтык системасынын катышуучусу катары төмөнкү мөөнөттөрдө катталууга милдеттүү:

- 2022-жылдын 15-майынан тартып - Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчү;

- 2022-жылдын 1-июлунан тартып - Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчү;

- 2023-жылдын 1-январынан тартып – жана башка товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчү.

Токтом 2022-жылдын он бешинчи майынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН 2022-жылдын 25-апрелиндеги N 2022-П-07/26-1-(ДКП) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 2022-П-07/26-1-(ДКП) токтомуна ылайык, КР Улуттук банкынын эсептик чени жылдык 14,0 пайыз өлчөмүндө белгиленди.

Токтом 2022-жылдын 26-апрелинен тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2022-жылдын 1-майынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 216 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Курулуп жаткан объектилердин дирекциясы" мекемесин түзүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартиби жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы N 203 токтомуна);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 2-майынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы N 186 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы N 579 "Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги N 196 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак, Жерге-Тал, Учкун, Эмгек-Талаа айыл аймактарында жайгашкан жерлерди "Суу фондусунун жерлери" жана "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категорияларына которуу (трансформациялоо) жана жерлерди "Нарын" өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомуна берүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги N 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 3-майынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги N 190 "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу тепловоздор үчүн дизелдик отунду мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги N 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 6-майынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 25-апрелиндеги N 29 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин жана КР Улуттук банкынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги N 205/68/5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги N 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 7-майынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги N 191 "Куланак" гидроэлектрстанциясын куруу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги N 194 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 20-апрелиндеги N 2022-П-14/25-3(ПС) "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Жаңы жумушка кирип аткам (вахтовый жумуш) тоолуу райондо, медициналык текшерүүдөн өтүш зарылбы? Мыйзамдарда бар деп өтүүмдү талап кылууда, канчалык мыйзамдуу талаптар?

КР Эмгек кодексине ылайык оор жумуштарда, бийик тоолуу шарттардагы жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарда (анын ичинде жер астындагы жумуштарда), транспорттун кыймылы менен байланышкан жумуштарда жана вахталык усул менен иштеген кызматкерлер жумушка орношууда, алардын тапшырылган ишке жарактуулугун аныктоо жана кесиптик ооруга чалдыгуунун алдыналуу үчүн милдеттүү түрдө алдынала кезексиз, ошондой эле мезгил-мезгили менен медициналык текшерилүүдөн (кароодон) өтүшөт.

Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, коомдук тамактануу жана соода, суу түтүк курулмалар уюмдарынын, дарылоо-профилактикалык жана балдар мекемелеринин, ошондой эле айрым башка уюмдардын кызматкерлери калктын саламаттыгын коргоо максатында көрсөтүлгөн медициналык текшерилүүдөн өтүшөт.

Милдеттүү мезгил-мезгили менен медициналык текшерилүүлөр жана кезексиз медициналык текшерилүүлөр (кароолор) эмгек акынын орточо өлчөмүн сактоо менен жумуш мезгилинде жүргүзүлөт.

Зыяндуу өндүрүштүк факторлордун жана жумуштардын түрлөрүнүн, аткарылышы медициналык текшерилүүнү талап кылган кызмат орундарынын жана кесиптердин тизмеги, аларды өткөрүү эрежеси эмгек чөйрөсүндөгү жана кесиптик бирликтердин органдары аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


 
     Прошлые выпуски
ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 25 апреля 2022 года N 15 (701) ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 18 апреля 2022 года N 14 (700) ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 11 апреля 2022 года N 13 (699) Все выпуски рассылки
 
Если выпуск не отображается, вы можете прочесть его на сайте

Это сообщение было отправлено на morozfrostcold.zakon@blogger.com потому, что вы подписались на рассылку socio.state.toktomkg544323 на subscribe.ru.
Чтобы гарантировать получение писем от нас — добавьте наш адрес в адресную книгу.

Вы можете отказаться от получения писем.

Архив рассылки Поддержка подписчиков

Это сообщение сформировано и выслано с помощью Sendsay.Ru

Комментарии